Европа Кеңеши айрым Борбор Азия өлкөлөрү менен 1990-жылдан бери кызматташтып келе жатат. Бул кызматташтык Европа Кеңеши тарабынан 2011-жылда түзүлгөн Коңшу Өлкөлөр боюнча Саясатты ишке ашыруу аркылуу бекемделип келет. Учурдагы Программанын өзгөчөлүгү бул бардык иш-аракеттер аймактык кызматташтыкты камтыйт, улуттук деңгээлдеги кызматташтык менен толукталат. Мындай ыкма аймактагы жалпы көйгөйлөрдү жемиштүү жана жөндүү чечүүгө мүмкүндүк берет, ошону менен бирге Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн муктаждыктарын эске алып Программаны жүзөгө ашырууга шарт түзөт.