Акыркы жылдары Кыргызстан Европа Кеңеши менен бир топ тармакта активдүү кызматташа баштады, артыкча Кыргызстан үчүн Коңшу Кызматташтыктын Артыкчылыктары 2015-2019 Программасынын алкагында. Бул документке ылайык, үч проект ишке ашкан: “Шайлоо реформасы аркылуу демократияны бекемдөөгө колдоо көрсөтүү”, “Кыргыз Республикасында паракорлук менен күрөшүү жана алдыналууну күчөтүү”, “Жетекчилердин жаңы муунун үйрөтүү: Саясат таануу мектеби”.

Артыкчылыктар программасы 2019-жылы декабрьда аяктагандан кийин, Европа Кеңеши жана кыргыз бийлиги учурда кийинки кызматташтык стратегиясын талкуулап жатышат. Ал эми ошол эле учурда, Борбор Азиядагы Укук Үстөмдүгү Программасы Европа Кеңеши менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын негизги инструменти катары кызмат кылат.

Ошондой эле өлкө Европа Биримдигинин/Европа Кеңешинин биргелешип иштеткен “Латин Америка, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүндө шайлоо мыйзамында жана иштөөсүндө реформаларды жана аймактык Адам Укуктарын коргоо куралдарын жана механизмдерин колдоо” программасына катышат.

Жаңылыктар

Back Кыргыз Республикасы соттолгондорду өткөрүп берүү боюнча Конвенцияга кошулду

Кыргыз Республикасы соттолгондорду өткөрүп берүү боюнча Конвенцияга кошулду

Кыргыз Республикасы соттолгондорду өткөрүп берүү боюнча Конвенцияга кошулду.

Конвенциянын максаты - чет өлкөлүк жарандарга жана кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондорго жаза мөөнөтүн өз өлкөсүндө өтүү мүмкүнчүлүгүн аркылуу камактагылардын социалдык реабилитациясына көмөктөшүү. Конвенция гуманитардык аспектилерди да эске алат, анткени тил тоскоолдор, жакындары менен байланыштын жоктугу, коммуникация кыйынчылыктары чет өлкөдө камалган адамдарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө Конвенциясына кошулуусу Кыргызстандын кылмыш иштери боюнча эл аралык кызматташтыгын андан ары өнүктүрөт  жана Борбордук Азияда мыйзам үстөмдүгү программасынын ишинин көрүнүктүү натыйжасы болуп эсептелет. Бул программа Европа менен Борбордук Азиянын ортосунда европалык жана эл аралык стандарттардын негизинде жалпы укуктук мейкиндигин түзүүгө аракеттенет.

Конвенция Кыргыз Республикасында 2024-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

Страсбург, Франция 22-апрель 2024-жыл
  • Diminuer la taille du texte
  • Augmenter la taille du texte
  • Imprimer la page