Акыркы жылдары Кыргызстан Европа Кеңеши менен бир топ тармакта активдүү кызматташа баштады, артыкча Кыргызстан үчүн Коңшу Кызматташтыктын Артыкчылыктары 2015-2019 Программасынын алкагында. Бул документке ылайык, үч проект ишке ашкан: “Шайлоо реформасы аркылуу демократияны бекемдөөгө колдоо көрсөтүү”, “Кыргыз Республикасында паракорлук менен күрөшүү жана алдыналууну күчөтүү”, “Жетекчилердин жаңы муунун үйрөтүү: Саясат таануу мектеби”.

Артыкчылыктар программасы 2019-жылы декабрьда аяктагандан кийин, Европа Кеңеши жана кыргыз бийлиги учурда кийинки кызматташтык стратегиясын талкуулап жатышат. Ал эми ошол эле учурда, Борбор Азиядагы Укук Үстөмдүгү Программасы Европа Кеңеши менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын негизги инструменти катары кызмат кылат.

Ошондой эле өлкө Европа Биримдигинин/Европа Кеңешинин биргелешип иштеткен “Латин Америка, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүндө шайлоо мыйзамында жана иштөөсүндө реформаларды жана аймактык Адам Укуктарын коргоо куралдарын жана механизмдерин колдоо” программасына катышат.

Жаңылыктар

Back Кыргыз делегациясынын Европа Кеңешинин конвенциялары боюнча экинчи таанышуу сапары

Кыргыз делегациясынын Европа Кеңешинин конвенциялары боюнча экинчи таанышуу сапары

Франциянын Страсбург шаарында Европа Кеңешинин Штаб-квартирасында  2024-жылдын 4-марттан 6-мартка чейин  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринин 14 өкүлү Европа Кеңешинин Конвенциялары боюнча семинарга катышты.

Делегациянын курамына Президент Аппараттын, Жогорку Кеңештин, Тышкы Иштер Министрлигинин, Юстиция Министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү Министрлигинин жана Башкы Прокуратуранын өкүлдөрү кирди.

Катышуучулар өздөрүн кызыктырган конвенциялар тууралуу маалыматты түздөн-түз Европа Кеңешинин Катчылыгынан алышты, алар Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу системасы үчүн кошулуу процесси, милдеттенмелери, артыкчылыктары жана кесепеттери тууралуу билимдерин тереңдетишти.

Кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча бул семинарда  төмөңкү документтер каралды: Коррупция боюнча кылмыш-жаза-укуктук Конвенциясы, Киберкылмыштуулук боюнча Конвенциясы (Будапешт Конвенциясы), Аялдарга карата зомбулуктун жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Конвенциясы (Стамбул конвенциясы), Адамдарды сатууга каршы аракеттенүү жөнүндө Конвенциясы, ошондой эле жеке маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча жеке адамдарды коргоо боюнча Конвенциясы.

Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө Кыргыз Республикасынын Европа Кеңеши менен кызматташууну улантууга жана тиешелүү конвенцияларга мүмкүн болуучу кошулуу боюнча ишти илгерилетүүгө кызыкдар экени ырасталды. Семинар 2023-жылы уюштурулган биринчи семинардын алкагында өткөрүлгөн бир катар алмашуулардан кийин өттү.

 

Бул семинар Европа Кеңеши жана Европа Биримдиги биргелешип каржылаган жана Европа Кеңеши тарабынан 2020-2024 жылдары ашырылып жаткан Борбор Азияда мыйзамдын үстөмдүгү программасынын алкагында уюштурулду.

Страсбург, Франция 4-6-март 2024-жыл
  • Diminuer la taille du texte
  • Augmenter la taille du texte
  • Imprimer la page