Акыркы жылдары Кыргызстан Европа Кеңеши менен бир топ тармакта активдүү кызматташа баштады, артыкча Кыргызстан үчүн Коңшу Кызматташтыктын Артыкчылыктары 2015-2019 Программасынын алкагында. Бул документке ылайык, үч проект ишке ашкан: “Шайлоо реформасы аркылуу демократияны бекемдөөгө колдоо көрсөтүү”, “Кыргыз Республикасында паракорлук менен күрөшүү жана алдыналууну күчөтүү”, “Жетекчилердин жаңы муунун үйрөтүү: Саясат таануу мектеби”.

Артыкчылыктар программасы 2019-жылы декабрьда аяктагандан кийин, Европа Кеңеши жана кыргыз бийлиги учурда кийинки кызматташтык стратегиясын талкуулап жатышат. Ал эми ошол эле учурда, Борбор Азиядагы Укук Үстөмдүгү Программасы Европа Кеңеши менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын негизги инструменти катары кызмат кылат.

Ошондой эле өлкө Европа Биримдигинин/Европа Кеңешинин биргелешип иштеткен “Латин Америка, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүндө шайлоо мыйзамында жана иштөөсүндө реформаларды жана аймактык Адам Укуктарын коргоо куралдарын жана механизмдерин колдоо” программасына катышат.

Жаңылыктар

Back Борбор Азиянын Мыйзам Устомдугу Программасынын Регионалуу комитетинин экинчи жыйыны

Борбор Азиянын  Мыйзам Устомдугу Программасынын Регионалуу комитетинин экинчи жыйыны

2023-жылдын 26-27-июнунда Европа Биримдигинин -Европа Кеңешинин Борбордук Азияда мыйзам үстөмдүгү боюнча биргелешкен программасынын алкагында Казакстандын Астана шаарында регионалдуу башкаруу комитетинин экинчи отуруму уюштурулду. Жолугушуунун максаты - 2024-жылдын июнь айына чейин узартылган Программаны ишке ашыруунун калган бөлүгүндө эмнелерге жетишилгенин, дагы эмнелерге жетишүүгө болоорун карап чыгуу жана Программанын чегинен тышкары биргелешип эмне кылса болорун изилдөө болду.

Отурумда Борбордук Азиядагы улуттук өнөктөш институттардын 60ка жакын өкүлдөрү, анын ичинде тиешелүү министрликтер, Конституциялык жана Жогорку соттор, Акыйкатчылар, укук коргоо органдары, коррупцияга каршы күрөшүү органдары жана улуттук укуктук окутуу институттары катышты.

Ачылыш сөзү менен Европа Биримдигинин Казакстан Республикасындагы элчиси Кестутис Янкаускас; Европа Кеңешинин программалык координациялык директору Клаус Нойкирх, Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Адам укуктары боюнча комиссиянын катчысы Тастемир Абишев, Кыргыз Республикасынын Франциядагы элчилигинин жетекчисинин орун басары Руслан Бекболотов, Сайфиддин Сороизода, Тажикстан Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук маселелер боюнча жардамчысынын кеңешчиси, Нозимбек Рустамбеков, Өзбекстан Республикасынын Юстиция министрлиги.

2022-жылынын ичинде Программа Европа Кеңешинин адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү жана демократия жаатындагы уникалдуу тажрыйбаны жана инструменттерин колдонуу менен 56дан ашык эки тараптуу жана 7 регионалдуу иш-чараларды ийгиликтүү уюштурду. Программа мыйзамдарды жана саясатты карап чыгуу, адистештирилген окуу материалдарын иштеп чыгуу, өзгөчө юридикалык жана укук коргоо органдарынын адистерине багытталган потенциалды жогорулатуу боюнча иш-чараларды, тематикалык конференцияларды, маалымдуулукту жогорулатуу боюнча семинарларды жана регионалдуу алмашууларды камтыды. Бул иш-чаралардын катышуу деңгээли жана жетишилген натыйжалары Программанын Борбордук Азиядагы өнөктөштөр үчүн актуалдуулугун ачык тастыктап турат, - деди Клаус Нойкирх иш-чаранын ачылышында.

Клаус Нойкирх ошондой эле "Европа Биримдиги менен биргелешкен аракеттер аймактагы башка тиешелүү иш-чаралар менен синергетика жана координацияны камсыз кылуу үчүн мындан ары да улана берерин" баса белгиледи.

Кестутис Янкаускас Программанын 2024-жылдын июнь айына чейин узартылышын жарыялап, бул "бизге бүгүнкү күнгө чейин жетишилген прогрессти бекемдөөгө жана сиз айткан муктаждыктарга жооп берүүгө мүмкүндүк берет" деп билдирди. Узак мөөнөттүү келечекте Европа Кеңеши жана Европа Биримдиги региондо адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн жана демократиялык башкарууну илгерилетүү үчүн региондун укуктук онугусуу үчүн биргелешип иштөөнү улантат.

Катышуучулар 2020-жылы Борбордук Азияда Мыйзам үстөмдүгү программасы ишке киргенден бери көптөгөн жетишкендиктерди белгилешти жана төмөнкүдөй конкреттүү сунуштар менен бөлүшүштү:

  • бирдик укуктук мейкиндикти түзүү менен байланышкан иштерди кеңейтүү жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн эң актуалдуу болгон Европа Кеңешинин конвенцияларын активдүү илгерилетүү;
  • адам укуктары боюнча билим берүүнүн европалык программасынын (HELP) алкагында иштелип чыккан уникалдуу окуу куралдары аркылуу юридикалык адистерге (сотторго, прокурорлорго, юристтерге) басым жасоо менен адам укуктары боюнча стандарттарды натыйжалуу ишке ашырууну жана колдоонууну улантуу;
  • коррупциянын жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоонун/терроризмди каржылоонун алдына алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча аракеттерди улантуу;
  • Венеция комиссиясынын колдоосу менен конституциялык реформаларды жана мыйзамдуулуктун принциптерине ылайык сот бийлигинин көз карандысыздыгы сыяктуу принциптерди которуу;
  • жалпы кызыкчылыкты туудурган маселелер боюнча регионалдуу өнөктөш тармактарды түзүүгө көмөктөшүү.

Европа Биримдиги жана Европа Кеңеши мыйзам үстөмдүгүнүн, демократиянын жана адам укуктарынын принциптерине берилгендигин тастыкташты; алар бул жемиштуу кызматташтыкты уланта беришет.

Редакторлорго эскертүү

Борбордук Азияда Мыйзам үстөмдүгү программасы (2020-2023-жж.) – бул Европа Биримдиги жана Европа Кеңеши биргелешип каржылаган жана Европа Кеңеши тарабынан ишке ашырылуучу биргелешкен регионалдуу программа. Программанын негизги максаты адам укуктарын, демократияны жана мыйзамдуулукту европалык жана башка эл аралык стандарттарга ылайык бекемдөө аркылуу жарандардын жашоосун жакшыртуу болуп саналат. Программа ар бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн жана керектөөлөрүн эске алган мамилеге негизделген.

Программа төмөнкү багыттарды камтыйт: (1) Европа менен Борбордук Азиянын ортосунда бирдиктүү укуктук мейкиндикти түзүүгө көмөктөшүү жана адам укуктарын коргоону күчөтүү; (2) бизнестин ачыктыгына көмөктөшүү жана экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү; (3) мамлекеттик институттардын жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу иштешине көмөк көрсөтүү.

Европа Кеңеши 46 мүчө мамлекетти камтыган континенттеги адам укуктары боюнча алдыңкы уюм. Европа Кеңешинин мүчө мамлекеттери баардыгы адам укуктары, демократия жана мыйзам үстөмдүгү коргоогону багытталган боюнча Европа конвенцияларына кол коюшту.

Байланыштар

Амели Лепинард, Борбор Азиядагы Мыйзам үстөмдүгү программасынын координатору

Адела Долту, Борбордук Азиядагы Мыйзам үстөмдүгү программасынын байланыш боюнча жардамчысы

Никола Франческетти, программанын менеджери, Европа биримдигинин Казакстан Республикасындагы өкүлчүлүгү

 

For more information:


Image Gallery

Астана, Казакстандын 28-июнь, 2023-жыл
  • Diminuer la taille du texte
  • Augmenter la taille du texte
  • Imprimer la page