Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жана ачык-айкындыкка көмөктөшүү
Акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрү аймакта бизнес абалды жакшыртуу үчүн жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү илгерлетүү үчүн паракорлукту алдыналуу жана жок кылуу үчүн реформаларды өткөрүштү. Аталган бөлүк аймакта бизнес үчүн шарттарды түзүүгө жана паракорлукка каршы системалардын сапатын жакшыртууга салым кошуу максатты көздөйт. Бул бөлүк эки бөлүктөн турат: 1) Бизнес тармакта чынчылдык жана талаптарга жооп берүү; 2) Паракорлукка, акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү жана активдерди кайтаруу системалар.
Ачык-айкындыкты, бизнес чынчылдыкты жана ишкерлердин укуктарын коргоону бекемдөө – Борбор Азия өлкөлөрүндө артыкчылыктардын бири. Аталган бөлүк бизнес тармактан опузалап акча өндүрүүнү токтотууга механизмдерди иштеп чыгууга жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, бизнес тармакта административдик тосмолорду азайтууга жана талапка жооп берүүнү күчөтүүгө багытталган. Аймактык деңгээлде, кызматташтыктын максаты ийгиликтүү тажрыйбаларды бөлүшүү үчүн натыйжалуу механизмдерди түзүү жана бизнес тармакка жалпы аймактык жана чек арадагы паракорлук тобокелчиликтер тууралуу так түшүнүк берүүгө салым кошуу. Улуттук деңгээлде, аталган бөлүк тиешелүү өлкөлөрдүн жогоруда аталган тармактардагы белгиленген артыкчылыктарына басым кылат жана реформаларга көмөктөшүүгө багытталган.
Бул тармактагы иш бийлик органдарынын, анын ичинде укук коргоо органдарынын механизмдерин жана мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө багытталган, паракорлукту, акчанын изин жашырууну жана экономикалык кылмыштарды алдыналууга жана алар менен күрөшүүгө, жана ошондой эле улуттук системалардын акчанын изин жашырып жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүсүн күчөтүүгө. Аймактык деңгээлде болсо, аймактагы өзгөчө тобокелчилик жана коркунуч алып келген паракорлук жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча изилдүүлүр кирет. Андан сырткары, аймактык катышуу укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана мамлекеттик кызматкерлерди каскад түрүндө окутуу программаларын камтыйт. Улуттук деңгээлде болсо, ар бир өлкөнүн өзгөчө муктаждыктарына жана талаптарына жараша улуттук деңгээлдеги реформа иштерине жана өзгөчө шарттарга жараша иш жүргүзүлөт.