Европа менен Борбор Азиянын ортосунда жалпы укуктуу чөйрөнү түзүүгө көмөктөшүү жана адам укуктарын коргоону бекемдөө.

Европанын (континент) жана Борбор Азиянын мыйзам системасы тарыхый жактан караганда түпкү тамыры бир болгондуктан азыркы учуруда көп жактары окшош. Бул бөлүктүн стратегиялык максаты -Европа менен Борбор Азиянын ортосунда Европа жана эл аралык стандарттарга ылайык жалпы укуктуу чөйрө түзүү ишин баштоо. Бул бөлүк эки кошумча бөлүктөн турат: Европа Кеңешинин конвенциялары (жоболору) тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана билим аркылуу адам укуктарын коргоону бекемдөө. Экинчи бөлүк Европа Кеңешинин юрист кесиби үчүн адам укуктарын боюнча билим алуу программасынын (HELP) алкагында жүзөгө ашат.

ЕВРОПА КЕҢЕШИНИН КОНВЕНЦИЯЛАРЫ ТУУРАЛУ МААЛЫМДУУЛУКТУ ЖОГОРУЛАТУУ

Европа Кеңешинин Конвенциялары жалпы Европа жана башка жакта дагы адам укуктарын, демократияны жана укук үстөмдүгүн бекемдей турган жалпы укуктуу чөйрөнү бекемдөөдө негизги багыттооч болуп эсептелет. Ошол себептен Борбор Азиядагы жарандык коомдо жана улуттук бийлик арасында конвенция системасынын толук түшүнүгүн жана натыйжалуу өздөштүрүүсүн илгерлетүү маанилүү. Аталган бөлүктүн алкагында жана ар бир өнөктөштүн муктаждыктарына жана артыкчылыктарына жараша төмөнкү иш-чаралар аймактык жана улуттук деңгээлде уюштурулат:

  • Мыйзамдык базаны жалпы кароо жана ага баа берүү;
  • Сунуштамаларды жана басылмаларды даярдоо;
  • Тажрыйба алмашуу, конференциялар, семинарлар, иштөө топтор, ж.б.
Жаңылыктар

Back Кыргыз делегациясынын Европа Кеңешинин конвенциялары боюнча экинчи таанышуу сапары

Кыргыз делегациясынын Европа Кеңешинин конвенциялары боюнча экинчи таанышуу сапары

Франциянын Страсбург шаарында Европа Кеңешинин Штаб-квартирасында  2024-жылдын 4-марттан 6-мартка чейин  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринин 14 өкүлү Европа Кеңешинин Конвенциялары боюнча семинарга катышты.

Делегациянын курамына Президент Аппараттын, Жогорку Кеңештин, Тышкы Иштер Министрлигинин, Юстиция Министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү Министрлигинин жана Башкы Прокуратуранын өкүлдөрү кирди.

Катышуучулар өздөрүн кызыктырган конвенциялар тууралуу маалыматты түздөн-түз Европа Кеңешинин Катчылыгынан алышты, алар Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу системасы үчүн кошулуу процесси, милдеттенмелери, артыкчылыктары жана кесепеттери тууралуу билимдерин тереңдетишти.

Кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча бул семинарда  төмөңкү документтер каралды: Коррупция боюнча кылмыш-жаза-укуктук Конвенциясы, Киберкылмыштуулук боюнча Конвенциясы (Будапешт Конвенциясы), Аялдарга карата зомбулуктун жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Конвенциясы (Стамбул конвенциясы), Адамдарды сатууга каршы аракеттенүү жөнүндө Конвенциясы, ошондой эле жеке маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча жеке адамдарды коргоо боюнча Конвенциясы.

Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө Кыргыз Республикасынын Европа Кеңеши менен кызматташууну улантууга жана тиешелүү конвенцияларга мүмкүн болуучу кошулуу боюнча ишти илгерилетүүгө кызыкдар экени ырасталды. Семинар 2023-жылы уюштурулган биринчи семинардын алкагында өткөрүлгөн бир катар алмашуулардан кийин өттү.

 

Бул семинар Европа Кеңеши жана Европа Биримдиги биргелешип каржылаган жана Европа Кеңеши тарабынан 2020-2024 жылдары ашырылып жаткан Борбор Азияда мыйзамдын үстөмдүгү программасынын алкагында уюштурулду.

Страсбург, Франция 4-6-март 2024-жыл
  • Diminuer la taille du texte
  • Augmenter la taille du texte
  • Imprimer la page