Биз кайда иштейбиз

Борбор Азиядагы Укук Үстөмдүгү Программасы (2020-2024*) Европа Биримдиги, Европа Кеңеши жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) бийликтеринин ортосунда иштелип чыккан кызматташтык программасы.

Программа Борбор Азия өлкөлөрүндө Европа жана башка эл аралык стандарттарга ылайык адамдардын укугун, укук үстөмдүгүн жана демократияны бекемдөө багытталган. Негизги максаты ар бир өлкөнүн муктаждыктарына жана талаптарына жараша реформаларды өткөрүүгө көмөктөшүү. Программа үч негизги бөлүктөн турат:

  1. Европа менен Борбор Азиянын ортосунда жалпы укуктук чөйрөнү түзүүгө көмөктөшүү жана адам укуктарын коргоону бекемдөө;
  2. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү жана ачык-айкындыкка көмөктөшүү;
  3. Мамлекеттик башкаруу органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин натыйжалуу иштөөсүн жакшыртуу.

Программанын иш-аракеттери адам укуктарын баалайт жана дискриминация кылбоо, гендердик тең укуктуулук сыяктуу этият маселелерди эске алат жана иш-аракеттердин табиятына жараша программаны жүзөгө ашырууда жарандык коомдун толук катышуусун камсыздайт.

Аталган Программа ЕБ менен Европа Кеңешинин ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтыктын бир бөлүгү жана Европа Кеңешинин коңшу өлкөлөргө болгон саясатына жана Борбор Азия үчүн ЕБ стратегиясына дал келет.

 


* Программа 2024 жылдын июлуна айына чейин узартылды.